ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ОРГАНДАРДАН ТҮШКӨН СУРООЛОРГО ЖООПТОР |
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРДИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛОО ЖАНА АЛАРДЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ ЖӨНҮНДӨ |
1. Жергиликтүү бюджеттен эмгек акы алган китепканачы, клуб башчысы, клубдун көркөм жетекчиси жергиликтүү кеңешке депутат боло алабы.
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, 21 жаш куракка толгон, жалпы орто билимден төмөн эмес билими бар, тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин жергиликтүү жамаатынын мүчөсү жергиликтүү кеңештин депутаты болуп шайланууга укуктуу. Демек, жергиликтүү бюджеттен эмгек акы алган китепканачы, клуб башчысы, клубдун көркөм жетекчиси, ошондой эле жайыт комитетинин төрагасы жана башкалар жергиликтүү кеңешке депутат боло алышат. |
2. Депутаттыка талапкерлердин соттуулугу боюнча тактаманы кайсы органдан алса болот.
КР «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 60-беренесине ылайык, айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү аймактык шайлоо комиссиясына тиешелүү документтерди берет деп турат. Ал документтердин катарында талапкердин соттуулугу жок экендиги тууралуу тактама да бар. Демек, соттуулугу жок экендиги тууралуу тактаманы атайын органдардан алуу жана аны тиешелүү АШКга (ТИК) берүү талапкердин түздөн-түз милдети. Тактаманы мамлекттик кызмат көрсөтүү борборлорунан же Ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнөн алууга болот. |
3. Муниципалдык мончодо администратор болуп иштеген кызматкер депутат болсо болобу?
Болот, анткени ал муниципалдык кызматкер эмес. |
4. Жайыт комитеттин төрагасы депутат боло алабы?
Болот, анткени ал муниципалдык кызматкер эмес. |
5. Айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюп жаткан мектеп директорлору, бала бакча жетекчилери кызмат ордуларын тапшырбай эле коё беришсе болобу?
Талапкер иштеген, кызмат өтөгөн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жетекчилери, аскердик бөлүктөрдүн командирлери жана органдардын башка тиешелүү кызмат адамдары талапкер арыз менен кайрылган учурдан баштап 3 календардык күндүн ичинде анын орточо эмгек акысын менчигинин түрүнө карабастан мекеменин, ишкананын, уюмдун эсебинен сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун билдирме менен токтотууга милдеттүү. Жумушун тапшырбайт, болгону убактылуу токтотот, жана орточо эмгек акысын алат. |
6. Мектеп директорлору жергиликтүү кеңешке талапкер болсо, жетекчиликти гана тапшырып, сабактарын өтө береби? Алар документин тапшырган күндөн баштап жетечиликти өткөрөбү же талапкер деп күбөлүк алган күндөн баштап өткөрөбү?
Мектептин директору өзүнүн депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн учурдан тартып ыйгарым укуктарын убактылуу токтотот, сабак дагы өтө албайт, бирок орточо айлык акысы төлөнөт. |
7. Эгер мектеп директору депутаттыка өтсө же өтпөй калса директорлук иш орду сакталабы?
Ооба, сакталат. |
8. Жергиликтуу кенештин шайлоосунда талапкерлерге соттуулугу боюнча талап алынып салындыбы? Соттолгондор деле айылдык кенештерге депутат болсо боло береби?
КР «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укугу жок. Ал эми, талапкер мурда соттолуп, бирок соттуулугу мыйзамда белгиленген тартипте жоюлган болсо, анда жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына шайланууга укуктуу. |
9. Жергиликтуу кенештердин шайлоосунда шайлоочу мандатка карап шайлайбы же бир гана добушка ээби.
Пропорцияналдуу система боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо бюллетенинде шайлоочу саясий партияга тиешелүү квадратка өзү тандагандын пайдасына же болбосо «Баардыгына каршы» деген орунга тиешелүү белги коет. |
10. Жергиликтуу кенештин депутаттыгына мечиттин имамы өз талапкерлигин койгонго укуктуубу?
21 жашка толгон, жалпы орто билим бар, ошол Айыл аймакта туруктуу каттоодон өткөн, соттуулугу жоюлган КР жараны депутаттыкка талапкер боло алат |
11. Айылдык кенештин төрагасы катары айлык алып иштеп, ошол эле учурда жеке ишкердик жүргүзүүгө болобу?
Шаардык жана айылдык кеңештердин (20001 адамдан кем эмес калкы бар) төрагалары жергиликтүү бюджеттин эсебинен айлык алып жаткандыктан илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерден тышкары акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө мыйзам жол бербейт (КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 37-беренеси). |
12. Вотсап группа массалык маалымат каражаттарына киреби? Жазуу, фото, видео жазуу, үн жазмасы менен үгүт иштерин жүргүзүүгө болобу? Ватсапка чыгарган үгүт материалдарын АШК менен макулдашуу керекпи.
Вотсап жалпы маалымдоо каражаттарга кирбейт, ал интернет ресурстар жана социалдык тарамдарда же электрондук мессенджер катары эсептелет. |
13. Айылдык кеңешке депутат болгон жылдар муниципалдык стажка кошулбай келиптир. Кандай жол менен коштурса болот. Эмгек Китепчеге жазылбай калган.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү кеңештин депутатынын кызмат орду саясий муниципалдык кызмат орду болуп саналат. Саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген мезгил иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага ай сайынкы үстөк акыны алууга укук берүүчү жалпы иш стажына кирет. Иштеген жылдары үчүн ай сайынкы үстөк акы алууга укук берүүчү иш стажын аныктоо үчүн негизги документ болуп эмгек китепчеси эсептелет. Эмгек китепчеси жок болгон, ошондой эле эмгек китепчесинде тиешелүү жазуулар же иштеген мезгилдери жөнүндө жазуулар так болбогон учурларда, эмгек стажын ырастоо үчүн иштеген мезгилдери жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымкаттар, буйруктардын көчүрмөлөрү, өздүк эсептер жана башка документтер кабыл алынат. |
14. Айылдык кенештин учурдагы төрагасы кайрадан депутаттыкка талапкерлигин койгон болсо сессия өткөрө берсе болобу.
Болот, депутаттар, алардын ичинде төрага дагы мандатын токтотпойт, депутаттардын мандаты жаңы шайланып келген депутаттардын биринчи сессиясы башталганда токтойт. |
15. Айыл өкмөттүн кызматкери жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланган күндөн баштап жумуштан бошотулабы, же мандат алгандан кийинби?
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 51-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацына жана 2-бөлүгүнө ылайык, тиешелүү аймактык комиссия шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин депутаттыкка шайланган талапкерге бул жөнүндө кабарлайт. Депутаттыкка шайланган талапкер жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арыздын көчүрмөсүн 3 күндүк мөөнөттө тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына берет. Тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялагандан жана депутат болуп шайланган талапкерлерден жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу менен коошпогон ыйгарым укуктарын өзүнөн алып салгандыгы жөнүндө арызды алгандан кийин шайланган депутаттарды 3 күндүк мөөнөттө каттайт жана аларга ырастаманы жана белгиленген үлгүдөгү төш белгини тапшырат. Демек, айыл өкмөттүн кызматкери айылдык кеңешке депутат болуп шайланса, аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялаган күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө айыл өкмөттө ээлеген кызмат ордунан бошогону тууралуу чечимди АШКга бериши зарыл. |
16. Айылдык кенештин регламенти типтуу регламентке ылайык түзүлөбү?
Ооба, бирок Регламентти бекитүүдө төмөнкүлөргө көнүл буруу сунушталат: 1. Типтүү Регламентте айылдык кенештин төрагаларына эмгек акы төлөнбөйт, коомдук башталышта иштейт деп жазылган. Бирок, 2019-жылдагы Мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөргө ылайык, калктын саны 20001 адамдан жогору болгон административдик аймактагы жергиликтүү кеңештин төрагаларына эмгек акы төлөнөөрү белгиленген. 2. Типтүү Регламентте айылдык кеңештердин ишин уюштурууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт деп жазылган. Бирок, 2019-жылдагы Мыйзамдарга кирген өзгөртүүлөргө ылайык, калктын саны 6001 адамдан жогору болгон айылдык аймактарда айылдык кеңештердин ишин уюштурууну камсыз кылуу айылдык кенештин жооптуу катчысына жүктөлөт деп аныкталган. |
17. Коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын бир жолку компенсациясы кандай эсептелинет?
Коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын бир жолку компенсациясы ГАМСУМОнун 2016-жылдын 12-октябрындагы №01-24/166 буйругу менен бекитилген “Коомдук башталышта иштеген айылдык кеңештердин төрагаларынын бир жолку компенсациясы жөнүндө” Жобонун негизинде берилет. Ага ылайык, ЖӨБ органдарына жергиликтүү бюджеттеги каражаттардан айылдык кеңештин төрагаларына бир жолку компенсацияны төлөп берүү сунушталат. Айылдык кеңештин төрагасынын бир жолку компенсациясын эсептөө үчүн негиз катары сессия өткөн күндөрдүн саны, айыл өкмөт башчысынын кызматтык эмгек акысы колдонулат. Эсептөө ыкмасы жогоруда көрсөтүлгөн ЖОБОдо камтылган. |
18. Мурунку чакырылыштардагы жергиликтүү кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү муниципалдык кызматта иштеген стажына кошулабы жана эмгек акысын эсептөөгө кошулабы?
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдын 25-беренесине ылайык, депутаттын жергиликтүү кеңеште иштеген убактысы, жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланганга чейин иштеген адистиги боюнча, муниципалдык кызматтагы стажына, ошондой эле иш (кызмат) стажына эсепке алынат. Депутат тиешелүү ишкананын, мекеменин, уюмдун кызматкерлери пайдаланган бардык укуктарды жана жеңилдиктерди сактап калат. Бирок айта кетчү нерсе, муниципалдык кызмат катары 2014-жылдан тарта санала баштаган. Ал эми эгерде ал ушул мезгилге чейин депутат болсо, анда ал депутаттын жалпы жана узгултуксуз иш (кызмат), стажына ошондой эле депутаттыкка шайланганга чейин иштеген адистиги боюнча иштеген (кызмат) стажына эсепке алынат. |
19. Шайлоо учурунда транспорт уюштур деп Аймактык Шайлоо Комиссиясы талап кылган мезгилдер бар. Бул канчалык мыйзамдуу?
Негизи Мыйзамда төмөндөгүдөй норма жазылган: “Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер менен ишканалар, ошондой эле алардын кызмат адамдары добуш берүү күнү коомдук транспорттун болушун камсыз кылууга милдеттүү” деп жазылган. Мында, эгерде сиздин аймакта ички коомдук транспорт кызматы бар болсо (шаарларда болушу мүмкүн), шайлоо күнү ошол кызматтар кадимки тартипте иштеп турсун жана шайлоочуулар шайлоо участокторуна барып келүүсүнө тоскоолдуктар болбош керек дегенди түшүндүрөт. |
20. Кенештин жооптуу катчысы бир эле учурда башка жумушка да иштей алабы, тагыраагы мектепте мугалим болуп?
Айылдык Кенештин жооптуу катчысы АО жооптуу катчысындай эле муниципалдык кызматкер, КР “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын баардык чектөөлөр жайылтылат. Ишемби, Жекшенби же жумуш убактысы аяктагандан кийин (8 сааттык) педагогикалык ж.б. жумуштарга иштесе болот. |
21. Айыл башчы депутаттыкка талапкер болгон учурда жумушунан бошошу зарылбы? Өтпөй калган мезгилде кайра ордуна келип, иштей береби?
Айыл башчы административдик муниципалдык кызмат орду болуп эсептелет. Ошондуктан, эгер шайлоого талапкер болсо, анда шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызматтык же кызмат ордундагы ыйгарым укуктарын аткарууну убактылуу токтотуп турат Шайланбай калган учурда кайра мурунку кызматына келип уланта берет. *КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамынын 21-беренеси. Кошумча: Талапкер иштеген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси талапкер арыз менен кайрылган учурдан тартып 3 календардык күндүн ичинде эмгек акысынын орточо өлчөмүн сактоо менен анын кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусун токтотуп турууга милдеттүү. Катталган талапкер шайлоо өткөрүү убагында администрациянын (иш берүүчүнүн) демилгеси боюнча иштен (кызмат ордунан) бошотулбайт же анын макулдугусуз башка ишке (кызматка) которулбайт. Катталган талапкердин шайлоого катышкан убагы ал талапкер болуп катталганга чейин иштеген адистиги боюнча жалпы эмгек стажына эсепке киргизилет. |
22. Конкурстан утуп келген кеңештин катчысына буйрукту ким чыгарат.
Кенештин төрагасы тескеме чыгарат, ЖОБ мыйзамында тескеме чыгарууга укук берилген. Жумушка алуу боюнча комиссияда да төрага катышат, Жободо белгиленген. |
23. Айылдык Кеңештин жооптуу катчысы конкурстун негизинде ишке келип иштеп жатса азыркы жаңы төрага аны жумуштан кетирем десе кандай негизде кетире алат?
КР «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинде колдонулушу мүмкүн болгон тартиптик жазалардын 7 түрү көрсөтүлгөн. Алар: 1) эскертүү; 2) сөгүш; 3) катуу сөгүш; 4) кызматка толук эмес ылайыксыздыгы жөнүндө эскертүү; 5) класстык ченин төмөндөтүү; |
24. Жергиликтүү Кенештин депутаты сессияга он-лайн түрдө катышууга болобу?
Жок болбойт, мыйзамда азырынча онлайн сессияга катышууга жол берилген эмес. |
25. Мамлекеттик кызматта иштеген жергиликтүү кеңештин депутаты жергиликтүү кеңештин төрагасы кызмат ордуна шайланууга укуктуубу?
Эгерде ал депутат болгон администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын саны 20001 адамдан аз болсо, анда ошол жергиликтүү кеңештин төрагасы болуп шайланууга укуктуу. Анткени өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат. А эгерде, калкынын саны 20001 адамдан жогору болгон учурда, төрага болууга укугу жок (КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 37-беренеси). Белгилей кетсек, КР “Эмгек кодекси” да кызматчылардын жергиликтүү кеңештин депутаты же төрагасы кызмат ордуларында өз милдеттерин толук аткарууга жол берет. Аларга карата КР “Эмгек кодексинде” кепилдиктер жана компенсациялар көрсөтүлгөн. Тактап айтсак, Кодекстин 182-беренесине ылайык, эгерде кызматкер мамлекеттик же коомдук милдеттерди мыйзамга ылайык иш учурунда аткарууга туура келсе, иш берүүчү кызматкерди иш ордун (кызмат орунун) сактоо менен аны аткаруу үчүн жумуштан бошотууга милдеттүү болот. Андыктан, жогоруда белгиленген учурларда мамлекеттик кызматта иштеген жергиликтүү кеңештин депутаты жергиликтүү кеңештин төрагасы кызмат ордуна шайланууга укуктуу экендигин билдиребиз. |
26. Сессияга катышуучулардын көпчүлүгүнүн добушу менен кайсы маселелерди карап чечим кабыл алса болот. Мисалы 11 депутаттан 6 депутат катышкан учурда.
Негизи, КР мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин Айылдык кенештин Регламенти белгилейт. Ага ылайык, ГАМСУМОнун буйругу менен бекитилген Типтүү Регламентте, сессияда жана туруктуу комиссиялардын жыйналыштарында катышкан депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен жол-жобо (процедуралык) маселелери боюнча чечимдер гана кабыл алынат (кворум катышкандардын санынын 51%) деп белгиленген. Ал эми, калган негизги жергиликтүү кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча анын чечимдери, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Анткени, КР “ЖӨБ жөнүндө” Мыйзамына ылайык жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот. |
27. Жергиликтүү Кеңештин депутутынын иши муниципалдык кызматтагы иш стажына эсептелеби. Эгер ошондой болсо, аны ким жаздырышы керек?
Жергиликтүү кеңештин депутатынын иш убактысы муниципалдык кызматтагы иш стажына эсептелет. Жергиликтүү кеңештин иш кагаздарын жүргүзүүгө айылдык кеңештин жооптуу катчысы жооптуу болгондуктан, иш кагаздарын жүргүзүүнү тиешелүү кеңештин жооптуу катчысы жүргүзөт. ЖКтин мөөрү дагы бул кызматкердин колунда болот. Ал эми ЖКтин жооптуу катчы кызматы жок болгон учурда бул функциялар айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
|
28. Кеңешке катчы дайындалмайынча сессия өтүүгө болобу? Ким катчылыкты жүргүзөт?
Катчы жок болсо сессия өткөргөнү болбойт деген мыйзамда жок. Ошондуктан убактылуу АО бир кызматкерине буйрук менен дайындап сессияны өткөрүү керек. Катчынын милдети сессияга тийиштуу материалдарды гана даярдап уюштуруу ишин жүргүзүү, ал чечим кабыл албайт. |
29. Бюджет боюнча туруктуу комиссиянын мүчөлөрүнүн санын 7 кишиден кылса болобу?
Айылдык кеңештин депутаттарынын орто курамын эске алуу менен айылдык кеңеште 5 туруктуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн. Андагы 1 туруктуу комиссияга эле депутаттардын жетөөсү мүчө болсо, калган 4 туруктуу комиссиянын сандык курамы кандай болот, ал жагын да карап көрүүңүздөр. Негизи, туруктуу комиссиялардын тизмеси жана алардын сандык курамы айылдык кеңешке шайланган депутаттардын сандык курамын эске алуу менен айылдык кеңеш тарабынан белгиленет жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет. |
30. Жергиликтүү кеңештин Төрагасы айыл өкмөт башчысына айылдык чогулуш өткөрүүгө буйрук бере алабы?
Жергиликтүү кеңештин регламентинде айылдык жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча айыл өкмөтүнүн жылдык иш планын бекитүү маселелери жергиликтүү кеңештин компетенциясына киргизилет деген пункт бар. Ошондуктан, айылдык кеңеш тарабынан мөөнөттөрү, жооптуу адамдары ж.б. көрсөтүү менен айылдык жыйындарды өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы бекитип жана анын аткарылышын андан ары контролдоо керек. |
31. Жергиликтүү Кенештин токтомун кантип жокко чыгарса болот!
АК өзүнүн токтомун өзү өзгөрткөнгө, толуктаганга, жокко чыгарганга укуктуу, болгону эгерде АК чечиминин негизинде чыгымдар болгон болсо анда соттун чечими менен кетирилген чыгымдарды аныктоо менен жокко чыгарганы туура, баарынан мурун АК токтомун жокко чыгаруунун негиздери болуусу керек, эмесе жабыркаган тарап сотко кайрылуусу мүмкүн. |
32. Айылдык кенештин депутаты агитатор боло алабы, кайсы мыйзамдын негизинде?
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүндө кимдер үгүт материалдарын чыгарууга жана таркатууга укуксуз экендиги аныкталган, алардын ичине жергиликтүү кеңештердин депутаттары кирген эмес, демек, жергиликтүү кеңештердин депутаттары (шаардык жана айылдык кеңештин) мыйзамда каралган тартипке (саясий партиялар же Жогорку Кеңешке талапкерлер менен келишим түзүүнүн негизинде) агитатор боло алышат. |
33. Жергиликтүү кеңешке щайлоого катышуу үчүн койгон күрөөнү кайтарып алуу тартиби кандай?
«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамдын 50-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык, шайлоо күрөөсү депутаттыкка талапкерлерге, депутаттыкка талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партияларга — шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен тиешелүү шайлоо комиссиясына өзүнүн фондун түзүүнүн булактарын, ошондой эле жүргүзүлгөн бардык сарптоолорунун өлчөмү жөнүндө отчетту берген шартта, добуш берүүгө катышкан шайлоочулардын 15 пайыздан кем эмесинин добушун алса — кайра кайтарылып берилет. |
34. Айылдык Кенештин төрагасы отпускага кимдин буйругу менен чыгат? Кимге арыз жазыш керек?
КР Эмгек кодексинин 127-беренесине ылайык, өргүү буйругу (тескеме же токтом) же өргүү жөнүндө жазылган кайрылуу менен жол-жоболоштурулат жана ага иш берүүчүнүн атынан ыйгарым укуктуу адам кол коет деп белгиленген. Жергиликтүү кенештин төрагасы – бул шайлануучу кызмат адамы, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын жетекчиси. КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана ЖӨБ органдары жөнундө” мыйзамынын 39-беренесинин 3-пунктуна ылайык, жергиликтүү кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин жергиликтүү кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат. Ошондуктан, эмгек акы алып иштеген төрага ЖӨБ өкүлчүлүктүү органынын жетекчиси катары өзүнүн буйругунун негизинде өргүүгө чыга алат. |
35. Жергиликтүү Кенеш мектепке ат бере алабы?
Билим берүү уюмдарынын ишин уюштуруу жана жүргүзүү анын уюштуруучусу (уюштуруучулары) тарабынан бекитилген Уставдын негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш. Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» мыйзамына ылайык, билим берүү уюмдарынын уюмдаштыруучулары (учредитель) катары мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар болушу мүмкүн. Аталышын өзгөртүү маселеси да Уставында көрсөтүлгөн тартипте жүргүзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексине жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте кайра катталат. |
ЖЕРГИЛИКТҮҮ МААНИДЕГИ МАСЕЛЕЛЕРДИ ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА |
36. Көрүстөн уюштуруу үчүн кайсы ченемдин негизинде шаардык мэрияга жер алса болот?
Бул маселе Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 25-апрелиндеги № 65 “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” мыйзамында белгиленген тартип менен чечилет. Сугат жер башка айыл аймактын жеринде болгон болсо, шаар (мэрия) ал жерди, айырмасы жок, жер жеке менчикке турабы же муниципалдык менчикте турабы, түзмө түз сатып ала албайт. Сатып алалса, анда ал жер шаардын (мэриянын) менчигине өтүш керек эле, андан кийин шаардын чек арасы өзгөрүлмөк. Бирөк чек араны өзгөртүш маселеси – бул Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин гана укугу (Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 21 Статьянын 3 пункту ылайык). Ошон үчүн шаар (мэрия) эн биринчи жергиликтүү айылдык кенеш менен жана жергиликтүү эл менен бул маселе боюнча сүйлөшүү иштерин жүргүзүү керек. Эгерде айылдык кенеш менен жергиликтүү эл макул болсо, анда алар өздөрүнүн чечимин чыгарыш керек. Алардын чечими чыккандан кийин, бул маселе райондук денгээлге жергиликтүү администрацияга кайрылуу керек. Жергиликтүү райондук администрация бул маселени карап, шаардын жана айылдык кенештерин ойлорун, сунуштарын жана чечимдерин эске алып бул маселени Министрлер Кабинетине жөнөтөт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетини тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине административдик-аймактык бирдиктердин жана калктуу конуштардын чек араларын өзгөртүү жана белгилөө жөнүндө сунуш киргизилет. |
37. Жергиликтүү кеңештин компетенциясына, шаар четиндеги жана шаарлар аралык жүргүнчүлөрдү ташуулардын ишин анын ичинде тарифтерди жөнгө салууга киреби?
Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндө” мыйзамынын 11-беренесинин 2-пунктунда жүргүнчүлөрдү жалпы пайдалануудагы автомобиль транспорту менен ташуу тарифтери автомобиль транспорту боюнча тарифтик саясаттын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет деп көрсөтүлгөн. Бирок, ушул эле Мыйзамдын 13-беренесине ылайык, шаарлар аралык, шаар четиндеги жана шаар ичиндеги жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү жана багажды ташууну жөнгө салуу маселелери, бул маршруттар боюнча автобустардын кыймылынын схемасын жана графигин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу, автобустук каттамдарды тейлөө жана аларды ташуучуга бекитүү укугуна конкурстарды (тендерлерди) (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) өткөрүү транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирет деп белгиленген. «Үзгүлтүксүз автобустук каттамдарды тейлөө боюнча автотранспортчуну аныктоо боюнча конкурстарды (тендерлерди) уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби жөнүндө» ЖОБО Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 токтому менен бекитилген. Өз кезегинде, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук транспортту уюштуруу жаатындагы ыйгарым укуктары так белгиленген. Тактап айтканда, аталган Мыйзамдын 27-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерине муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чектеринде гана коомдук транспорттун ишин жөнгө салуу маселелери кирет. Ошентип, жүргүнчүлөрдү шаар четиндеги жана шаарлар аралык автомобиль транспортунун ишин жөнгө салуу, анын ичинде тарифтер жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирбейт.
|
38. Ичүүчү таза сууга акы төлөбөгөн жарандарга «Бузуулар жөнундө» кодекстин кайсы беренелери боюнча айып пул салса болот?
Керектөөчүлөрдү чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу КР Граждандык кодексинин жоболоруна, «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык түзүлүүчү жана алардын өз ара мамилелеринин негизи болгон коомдук келишимдердин негизинде жүргүзүлөт. Коомдук келишимде келишимдин предмети — керектөөчүнү «Ичүүчү суунун» стандартынын талаптарына ылайык келген сапатта үзгүлтүксүз камсыз кылуу каралат, ошондой эле керектөөчүнүн берилген чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу үчүн акы төлөөсүнүн мөөнөттөрү макулдашылат (КР “Ичүүчү суу жөнүндө” мыйзамынын 6-беренеси). Ошондуктан, ичүүчү сууга акы төлөбөгөн керектөөчүлөргө карата айып пул салуу келишимге ылайык, КР Граждандык кодексинин жоболоруна негизделип Соттук өндүрүштө каралуусу мүмкүн. |
39. Мал жандыктардын эгиндерге түшүп, зыян келтиргени боюнча кайсы беренеге таянабыз.
Айдоо жерлерин тепсөө жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн жок кылуу жана ушул мыйзамды бузууну жасаган адамдарды/жактарды жоопко тартуу тартиби Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 149-беренеси менен жөнгө салынат. |
40. Аймактагы бала бакчаларга тамак-ашына каралган ченемдерин кандай жол менен өзгөртүүгө болот?
Бүгүнкү күндө мектепке чейинки курактагы балдар үчүн тамак-аш азыктарынын накталай топтому жана тамак-аштын акчалай нормалары КР мыйзамдарына ылайык КР Өкмөтү тарабынан аныкталган. Тактап айтканда КР Өкмөтүнүн “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө” 2008-жылдын 15-январындагы №7 токтому менен бала-бакчада 9-10,5 саат болуучу үчтөн жети жашка чейинки балдарга тамак-аштын акчалай нормасы бир күнгө 18 сом деп аныкталган. Ошондой эле, ведомстволук караштыгы бар билим берүү уюмдарын чарбалык жактан тейлөөнү жана каржылоону жүзөгө ашыруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирет (КР “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренеси). |
41. Бир үй-бүлөөдөн аялына дагы, күйөөсүнө дагы 2 жер тилкесин берсе болобу.
Ооба, жубайлар ар бири алса болот ошондой эле 18 жашка толгон балдары дагы 1 жолку республиканын аймагынан алганга жол берилет. Эгерде алар КР жараны болсо, жана тийиштуу айыл аймакта -1 жыл жашаган болсо, кезекте турса, 5 жыл аралыгында турак жай менен эч кандай бүтүм жасалган эмес болсо, айыл аймактын территориясында турак жайга салууга жерлер берүүгө бош жерлер болсо, Генплан ылайык берсе болот. |
МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТТЫ ӨТӨӨ ЖӨНҮНДӨ |
42. Муниципалдык эмес кызматкер эмгек тартибин бузгандыгы үчүн сөгүш алып, кайрадан дагы тартип бузса кандай чара көрсө болот?
Эгерде кызматкердин тартиптик жазасы бар болсо, ал бир нече ирет жүйөлүү себептерсиз эмгек милдеттенмелерин аткарбаса, анда аныкталбаган мөөнөткө түзүлгөн эмгек келишими, ошондой эле мөөнөттүү эмгек келишими анын колдонулуш мөөнөтү бүткөнгө чейин эле иш берүүчү тарабынан бузулушу мүмкүн (КР Эмгек кодексинин 83-беренесинин 5-пункту). Мындай негиз менен жумуштан бошотуу эгерде кызматкерге буга чейин тартиптик жаза (эскертүү, сөгүш берүү) колдонулган жана ал тиешелүү буйрук түрүндө таризделген учурларда гана жүзөгө ашырылат. Бирок, мындай учурда профсоюздук уюмдун же болбосо башка өкүлчүлүктүү органдын мүчөлөрү болуп саналган кызматкерлерди ошол уюмдагы кызматкерлердин тиешелүү профсоюздук уюмунун же болбосо башка өкүлчүлуктүү органынын алдынала жазуу жүзүндөгү макулдугусуз иштен бошотууга жол берилбейт. Ал эми, кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органы жок болгон учурларда эмгек келишимин бузууга кызматкерлердин өкүлчүлүктүү органынын макулдугу талап кылынбайт (КР Эмгек кодексинин 84-беренеси). |
43. Жаш курагы 65 жаштан жогорку жаран айыл өкмөт башчысы боло алабы.
Айыл өкмөттүнүн ишмердигин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында айыл өкмөт башчысы кызмат ордуна талапкер болгон жарандарга бир нече талаптар жана чектөөлөр коюлган, алардын ичинде жаш курагы боюнча чектөө жок, демек, курагы 65 жаштан ашкан жаран дагы айыл өкмөт башчысы боло алат. |
44. Айыл өкмөт башчысына эмгек өргүүсүнө чыгууга уруксатты ким берет?
Өргүүлөрдү жол-жоболоштуруу жана эсепке алуу КР Эмгек кодексинин негизинде жүргүзүлөт. Аталган кодекстин 127-беренесине ылайык, өргүү буйрук (тескеме же токтом) же өргүү жөнүндө жазылган кайрылуу менен жол-жоболоштурулат жана ага иш берүүчүнүн атынан ыйгарым укуктуу адам кол коет деп белгиленген. “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 11 беренесинин 5 пунктунун негизинде аким айыл аймактарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын башчыларын кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот деп белгиленген. Демек мыйзамга ылайыктуу аким иш берүүчү болуп эсептелет. Ал эми айыл өкмөтүнүн башчысы аталган мыйзам күчүнө киргенге чейин жергиликтүү кеңеш тарабынан шайланган болсо, анда өзүнүн буйругунун негизинде эмгек өргүүсүнө чыкса болот. Ошол эле мезгилде, өргүүгө чыгып жаткандыгы тууралуу жергиликтүү кеңешке жана райондук мамлекеттик администрацияга билдирме берип коюу жагы сунушталат. |
45. Айыл өкмөт башчысы болуп жакын туугандарынан кызматка келсе анын тууганы орун басар же жооптуу катчы кызматында олтурган болсо иштен бошош керекпи.
“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Мыйзамдын 4-беренесинин 7-пунктуна ылайык, жакын адамдар — ушул Мыйзамдын мааниси боюнча жубайы, атасы жана апасы, балдары, анын ичинде асырап алган балдары, кандаштыгы боюнча жакын туугандары, ошондой эле багуусунда же болбосо толук көзөмөлүндө турган башка адамдар деп белгиленген. Ошондой эле, ушул Мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөн адамдарга кызматтык милдеттерин аткарууда алардын жана жакын адамдарынын өздүк (жеке) кызыкчылыгы бар көзөмөлдөө, контролдоо, функцияларын жүзөгө ашырууга, келишимдерди түзүүгө тыюу салынат. Демек, айыл өкмөт башчысынын орун басар же жооптуу катчы кызматындагы жакын тууганына карата кызматтык ыйгарым укуктарынын алкагында көзөмөлдөө, контролдоо функцияларын жүзөгө ашыруусу мыйзамга каршы келет. Андыктан, бул жерде кызыкчылыктардын кагылышуусу орун алгандыгына байланыштуу, жакын туугандары ээлеген кызмат орундарынан бошотулушу керек болот. |
46. Айыл өкмөтүнүн кызматкери айылдык кенешке жооптуу катчыга конкурстан өтүп келсе отпуска алганга укугу барбы?
Толук укугу бар. КР Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү, мекеме ишкананын түрүнө карабастан (мамлекеттик, муниципалдык, жеке) жана ошондой эле эмгек келишиминин түрүнө карабастан (аныкталбаган мөөнөткө, мөөнөттүү эмгек келишими ж.б.) баарына бирдей жайылтылат. |
47. Айыл өкмөттүн жана айылдык кеңештин типтүү Уставын кайдан алсак болот?
Жергиликтүү жамааттын Типтүү Уставы менен аны талкуулоо жана бекитүү боюнча Колдонмону КР ЖӨБ Союзунун сайтынан төмөнкү шилтемелер аркылуу көчүрүп алсаңыздар болот: https://soyuzmsu.kg/files/dok/Tipvoi%20ustav.docx |
48. Айылдык кенештин депутаты муниципалдык тазалык ишканаларына бухгалтер болуп иштей алабы?
Бухгалтердин кызмат орду техникалык тейлөөчү кызматкерлердин катарына киргендиктен, алар муниципалдык кызматкер болуп эсептелишпейт. Ошондуктан, жергиликтүү кеңештин депутаты болгон учурда деле өзүнүн ыйгарым укуктарын өндүрүштүк же кызматтык ишинен кол үзбөй туруп жүзөгө ашыра алат. |
49. Айыл өкмөттүн жооптуу катчысы декретте болуп, ордуна убактылуу иштеген адам 11 айдан кийин отпускага чыкса материалдык жардам кошуп берсе болобу?
КР Эмгек кодексинде көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү, мекеме ишкананын түрүнө карабастан (мамлекеттик, муниципалдык, жеке) жана ошондой эле эмгек келишиминин түрүнө карабастан (аныкталбаган мөөнөткө, мөөнөттүү эмгек келишими ж.б.) баарына бирдей жайылтылат. Демек, бала багуу боюнча өргүүдөгү кызматкердин ордунда иштеген кызматкер мөөнөттүү эмгек келишиминин негизинде иштегендиктен, ал акы төлөнүүчү ар жылдык өргүү алууга укуктуу. Болгону, эгерде ал кызматкер жумуштан бошосо, анда ага жумуштан бошогондогу жөлөкпул төлөнбөйт. |
50. Айыл өкмөт башчысынын орун басарын дайындоо кандай тартипте, кайсы мыйзам боюнча ишке ашат?
Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары КР «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” (2021-жылдын 20-октябры № 123) мыйзамынын 55 беренесинин негизинде айыл өкмөт башчысы тарабынан дайындалат. Айыл өкмөтүнүн башчысына коюлуучу талаптар жөнүндө жоболор бирдей өлчөмдө анын орун басарына да колдонулат.(52 берене) |
51. Шаардын вице-мэрлеринин дайындоо тартиби кандай.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундө» 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 49-беренесине ылайык республикалык, областык жана райондук маанидеги шаардын мэринин биринчи орун басары (орун басары) муниципалдык резервде турган адамдардын ичинен мэр тарабынан өз алдынча дайындалат деп аныкталган. Аталган мыйзам 2021 жылдын 22-октябрь күнү “Эркин Тоо” гезитинин 109 сандуу атайын чыгарылышына жарыяланып, расмий күчүнө кирген. Ошондуктан, республикалык, областык жана райондук маанидеги шаардын мэринин биринчи орун басары (орун басары) жаңы кабыл алынган мыйзамдын нормаларына ылайык ишке ашырылат. |
52. Башка кызматкерге функционалдык милдеттерди жүктөөдө кошумча акы төлөөгө болобу?
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 167-беренесине ылайык, ошол эле иш берүүчү үчүн эмгек келишиминде каралган негизги иши менен катар негизги иштен бошотулбастан башка адистик, квалификация же кызмат орду боюнча кошумча жумуштарды аткарган кызматкер, убактылуу иштебеген кызматкердин кесиптерин (кызматтарын) айкалыштырганы же анын милдеттерин аткаргандыгы үчүн кошумча акы төлөнөт. Убактылуу иштебеген кызматкердин кесиптерин (кызматтарын) айкалыштыруу же анын милдеттерин аткаргандыгы үчүн кошумча төлөмдөрдүн өлчөмү кызматкер менен макулдашуу боюнча иш берүүчү тарабынан белгиленет, бирок айкалыштырылган иш үчүн ставканын (айлык акынын) отуз пайызынан кем болушу мүмкүн эмес. Буйрукта бул маселе чагылдырылышы керек. Жогорку эмгек акынын чеги чектелбейт, бирок биргелешкен иш үчүн бирден ашык ставка болушу мүмкүн эмес. |
53. Айылдык клуб башчысына дайындоо буйругун ким чыгарат?
Маданият кызматкерлери бугунку күндө муниципалдык кызматкер болуп эсептелбейт, алар АО, мэриянын штаттык түзүмүнө кирген эмес, алар Маданият министрлигинин штаттык түзүмүнө отургузулган. Ошондуктан райондук маданият бөлүмдөрү тарабынан АО макулдугу менен жумушка алынып жатат. |
54. Бош орунга конкурс жарыяланганда, декретте отурган жарандар катышып, иштей алабы?
Административдик муниципалдык бош кызмат орунун ээлөө үчүн конкурска 18 жашка чыккан, ушул административдик муниципалдык бош кызмат орунун ээлөөгө зарыл болгон, белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берген КР жарандары катыша алышат. Бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн кызматкер конкурстан өткөн учурда, мурунку кызмат ордунан өз арызы менен расмий бошотулушу керек болот. |
55. Айыл өкмөтүнүн башкы кызмат ордундагы муниципалдык кызматчы төмөн турган кызмат ордуна ротация болгондо эмгек акы төлөө шарттары жана тартиби кандай. Муниципалдык кызматчынын эмгек акысын аныктоого райондук каржы бөлүмүнүн укугу барбы?
Кызматчыны мамлекеттик органдын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде төмөн турган кызмат орунуна ротациялоодо анын кызматтык маянасы жана кадамы мурдагы кызмат орду боюнча сакталат. Эмгек акы төлөө торчосундагы кадам ыйгарылган учурда кызматчыга эмгек акысы сакталган кызмат орду боюнча кадам ыйгарылат (мисалы, бөлүм башчысы бөлүмдүн башкы адисинин кызмат ордуна которулса, ага эмгек акы төлөө торчосундагы кадам ыйгарылган учурда бөлүм башчысынын кызмат орду үчүн белгиленген эселүүлүк коэффициентинин мааниси колдонулат). Муниципалдык кызматкердин эмгек акысын аныктоо боюнча райондук каржы болумунун ыйгарым укугу жок. Анткени, өзүнүзгө маалым болгондой муниципалдык кызматчылардын кызматтык маянасынын өлчөмүн эсептөө үчүн минималдуу базалык ставка баарына 5000 сом өлчөмүндө КР өкмөтүнүн токтому менен белгиленген. Ал эми баалоо болсо, ЖӨБ органдары өздөрү түзгөн комиссиялар тарабынан жүргүзүлөт. |
56. Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» жаңы Мыйзамында шаардык мэриялардын аппаратынын жетекчилери жөнүндө эч нерсе каралган эмес. Бул бул кызматтар жоюлат дегенди билдиреби?
Мыйзамда шаардык ЖӨБ органынын аппарат жетекчисинин кызмат орду жок болгондугу ЖӨБ органдарында аппарат жетекчисинин кызматы болбойт дегенди билдирбейт. «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын жаңы мыйзамынын 43-беренесине ылайык, мэриянын түзүмүн жана штаттык расписаниесин шаар мэри Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык расписаниенин негизинде бекитет. Ошондуктан мэриянын аппаратынын жетекчисинин кызмат ордун кыскартуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген колдонуудагы типтүү түзүм өзгөргөн учурда гана мүмкүн. ЖЕРГИЛИКТҮҮ БЮДЖЕТТИ ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА |
57. Жергиликтүү бюджеттен көрүстөндү курчаганга каражат бөлсө болобу. Ошондой эле айылдын жаңы конуш
көчөсүнө таза сууга кеңейтүүгө каражат бөлүнгөн. СООППВга кошумча каражат берсе болобу. 1. КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренсине ылайык, көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу жергиликтүү маанидеги маселелерге киргендиктен бул багыттагы иш-чараларга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүүгө болот. 2. Айылды суу менен камсыздоо системалары айыл өкмөттөрдүн балансында тургандыктан анын кожоюну болуп айыл өкмөт эсептелинет. Болгону айыл өкмөттөр бул системаларды ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмелеринин (ИСКАКБ) башкаруусуна өз ара кызматташуу жөнүндө келишимдин негизинде өткөрүп беришкен. Ошондуктан, ЖӨБ органдары жыл сайын жергиликтүү бюджетти түзүүдө ИСКАКБ башкаруусуна өткөрүп берилген айылды суу менен камсыздоо системаларын жыл сайын оңдоо үчүн финансылык каражат кароого укуктуу. |
58. Электроэнергия үчүн акча которулбай, РЭС айыл өкмөттү электроэнергиядан ажыраткан. Сот аткаруучулар айыл өкмөттүн счётун толук жапкан. Карыздык милдеттенменин суммасы 250 миң сомдой. Карыз болгон сумманы эле камакка алып, калган операцияларга уруксаат берсе болот беле? Туура, мыйзам боюнча сот аткаруучу соттук актынын негизинде карызкордун банкта турган акча каражаттарына, салымдарына жана башка баалуулуктарына зарыл болгон өлчөмдө камак салат деп көрсөтүлгөн.Демек тиешелүү соттук актыны жана аткаруу документин карап көрүү керек. Эгерде, зарыл болгон өлчөмдөн ашыкча камак салынган болсо, анда сот аткаруучу карызкордун банктар тарабынан ашыкча камакка алынган акча каражаттарын, салымдарын жана башка баалуулуктарын камактан чыгаруу боюнча токтосуз чараларды көрүүсү зарыл. |
59. Жергиликтүү бюджеттен айлык акылары каржыланган клуб башчылар, уюштуруу адис, музей башчылар, китепканачылардын статусу кандай, кимге баш ийет, ким башкарат. Эмгек өргүүсүнө чыгааруу тартиби кандай?
КР «Маданият жөнүндө» Мыйзамынын 35-беренесине ылайык, маданиятты жана искусствону финансылоо булактары болуп республикалык жана жергиликтүү бюджет, ошондой эле мыйзамдарга каршы келбеген башка булактар эсептелет. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу мамлекеттик бийлик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын иш-милдеттеринин жана ыйгарым укуктарынын ажырымдоо принциптеринде жүзөгө ашырылат дегенди билдирет. Ал эми, өргүүлөрдү жол-жоболоштуруу жана эсепке алууну карай турган болсок КР Эмгек кодексинин 127-беренесине ылайык өргүү буйрук (тескеме же токтом) же өргүү жөнүндө жазылган кайрылуу менен жол-жоболоштурулат жана ага иш берүүчүнүн атынан ыйгарым укуктуу адам кол коет. Ошондой эле өргүүлөрдүн эсепке алынышын камсыз кылуу иш берүүчүгө милдеттендирилген. Демек, жергиликтүү бюджеттен каржыланган маданияттын муниципалдык мекемелеринин кызматчыларынын ишин уюштуруу ЖӨБ органдарынын компетенциясындагы маселе болгондуктан, алар боюнча ЖӨБ органы КР мыйзамдарынын чегинде өз алдынча чечим кабыл алууга укуктуу. |
60. Жергиликтуу бюджетке өзгөртүүнү кайсы мөөнөттө киргизсе болот?
Бюджет жөнүндө ченемдик укуктук актыга бюджеттик жылдын ичинде экиден ашык эмес өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн: биринчиси — учурдагы бюджеттик жылдын 1-июнуна чейин, экинчиси — 1-ноябрына чейин. |
61. Жергиликтуу бюджеттен мектептин тамактануусуна акча сөзсүз бөлүш керекпи?
КР жалпы билим берүү уюмдарында 1-4-класстын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 22-сентябрындагы №500 токтому менен бекитилген Жобого ылайык жүзөгө ашырылат. Ага ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун каржылоо булактары болуп РЕСПУБЛИКАЛЫК БЮДЖЕТ, жеке жана юридикалык жактардын ыктыярдуу түрдө берилген каражаттары жана ошондой эле КР мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар саналат. Ошондуктан, сиздердин аймактагы билим берүү уюмундагы окуучулардын тамактануусун каржылоо каржы булагынын бири болуп эсептелинген юридикалык жактардын ыктыярдуу түрдө берилген каражаттарынын эсебинен болуп келген экен. Эми, каржылоону республикалык бюджетке өткөрүүгө туура келет. Анткени, билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусу жергиликтүү бюджеттен эмес, республикалык бюджеттен каржыланууга жатат. Ошол эле учурда Жобого ылайык, ЖӨБ органдары каржылык мүмкүнчүлүктөрү бар болгон учурда гана тиешелүү аймакта жайгашкан жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусуна кошумча каражат бөлүүгө укуктуу (милдеттуу эмес) экендиги кошумчалайбыз. |
62. Айыл аймакта мектепте иштеген жаш мугалим, жогорку окуу жайга тапшырып, окуп жатса, жергиликтүү бюджеттен окуу акысына акча бөлүп, окутса болобу?
Жок, жергиликтүү бюджеттен мугалимдин ЖОЖдогу акысын толоп бере албайсыздар. КР мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү бюджеттен мугалимдерге байланыштуу төмөнкү маселелерге акча каражат караса болот: ар бир категориянын чегинде мугалимдердин кызмат акысына кошумчаларды белгилөө; жаш адистерге турак жай аянтын күтүү жана коммуналдык тейлөө боюнча эксплуатациялык чыгымдарын төлөөдө жеңилдиктерди же жекече турак жай курулушуна процентсиз ссудаларды берүү; турак жай аянты менен камсыз кылынбагандарга же турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгондорго турак жай куруу үчүн жер участоктору берүү. |
63. Бала бакчанын взносунун өлчөмүн бекитүүдө кайсы мыйзамга таянабыз?
Бүгүнкү күндө мектепке чейинки курактагы балдар үчүн тамак-аш азыктарынын накталай топтому жана тамак-аштын акчалай нормалары КР мыйзамдарына ылайык КР Өкмөтү тарабынан аныкталган. Тактап айтканда КР Өкмөтүнүн “Социалдык чөйрө мекемелеринде тамак-аштын акчалай нормалары жөнүндө” 2008-жылдын 15-январындагы №7 токтому менен бала-бакчада 9-10,5 саат болуучу үчтөн жети жашка чейинки балдарга тамак-аштын акчалай нормасы бир күнгө 18 сом деп аныкталган. |
64. Жыл башына карата калдык акча каражаты боюнча чыгашалар, ушул (текущий) жылдын бюджети менен чогуу бекитилеби же аны бекитпей эле койсо болобу?
КР Бюджеттик Кодексинин 106-беренесине ылайык, бюджеттик мекемелердин атайын эсепте пайдаланбай калган каражаттарынын калдыгы кезектеги бюджеттик жылдын башталышындагы калдык катары кезектеги бюджеттик жылдын эсептерине өткөрүлөт. Ошондой эле, Бирдиктүү казыначылык эсептеги тиешелүү бюджеттин каражаттарынын калдыгын учурдагы жылдын кабыл алынган бюджеттик милдеттенмелери боюнча операциялар аяктагандан кийин кезектеги бюджеттик жылдын башталышындагы калдык катары кезектеги бюджеттик жылдын бюджетинде эсепке алат. |
65. Муниципалдык ишкананын кызматкерлерине бюджеттен айлык акы төлөп берсек (Ссуда) мыйзам жол береби?
Ссуда муниципалдык ишканага берилбейт. Ссуда республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке же болбосо бир жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке кайтарым, мөөнөттүү жана кайтарымсыз негиздерде бөлүнүүчү каражаттар. |
66. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин чыгашалары жөнүндө. Ирригацияны оңдоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнсө болобу?
Сугат тармагын оңдоо айыл чарба жерлерине сугат суусун бергендиктин тарифине жана төлөмүнө кирет. Калктуу конуштун ичиндеги ирригациялык тармактарды оңдоого кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралышы мүмкүн. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу үчүн ижара төлөмдөрүнүн суммасынан аларды жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн каражаттардын өлчөмү жергиликтүү кеңештер тарабынан аныкталат. |
67. Мектептердин электр жана башка чыгымдары жергиликтуу бюджеттен төлөгөнү туурабы?
КР “Бюджеттик кодексинин” 51-беренесине ылайык, жергиликтүү бюджеттен муниципалдык билим берүү мекемелери каржыланат деп көрсөтүлгөн. Бирок, азыркы учурда жалпы билим берүү мекемелеринин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, имараттарды жана жайларды күтүүгө болгон чыгымдары КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы №302 токтомунун негизинде жергиликтүү бюджеттен каржыланып келет. Айрым айыл өкмөттөр мындай чыгашаларга 40-50% чейин жергиликтүү бюджеттин каражаттарын чыгымдап жатышат. Ошондуктан, ЖӨБ Союзу Улуттук деңгээлде ар кандай иш-чараларда бул көйгөйдү көтөрүп келет. Жогорку Кенеш тарабынан Бюджеттик Резолюцияны кабыл алуу, КР Өкмөтү тарабынан Республикалык бюджеттин долбоорун макулдашуу учурларында да көтөрүп жатабыз. Буюрса бул маселе акырындап ордунан жыла баштады. Маалым болгондой КР Жогорку Кенешинде “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү. Долбоорго ылайык, Баткен облусундагы билим берүү мекемелеринин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө, имараттарды жана жайларды күтүүгө болгон чыгымдары 2022-жылдан баштап республикалык бюджеттен каржыланып баштайт. Бул да болсо ЖӨБ органдарына бир топ жеңилдик болот. |
68. Жергиликтуу бюджеттин жыл аягында пайдаланылбай калган калдыгын жыл башында кайрадан башка багытка пайдалануу үчүн коомдук талкууга коюлушу зарылбы же Айылдык Кеңештин чечими менен колдонула береби?
Айылдык кенештин чечими менен колдонула берет. Коомдук бюджеттик угуулар алдыдагы жылдын бюджетинин долбоорун кароодо же мурдагы жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча гана уюштурулат. |
69. Каражатты пайдалануу багытын өзгөртсө болобу. Мисалы товарды курулуш иштерине өзгөртүп пайдаланса болобу?
ЖӨБ органдары бюджеттик жыл ичинде статьялардын ортосунда чыгашаларды өзгөрткөнгө укуктуу, эгерде ал өзгөртүү бюджеттин жалпы чыгашаларынын 5% ашпаса. Мындай учурда бекитилген бюджетке өзөртүү киргизүү юоюнча ченемдик-укуктук акт талап кылынбайт. Ал эми, киргизилип жаткан өзгөртүүлөр бюджеттин жалпы чыгашаларынын 5%нан жогору болсо, анда ЧУА талап кылынат. Мындай өзгөртүүлөр Бюджеттик кодекске ылайык жылына 2 жолу, биринчиси 1-июньга чейин, экинчиси 1-ноябрьга чеийн киргизилет. |
70. Мечитти көрктөндүрүү үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат бөлсө болобу?
Муниципалдык менчикте турган имарат диний жөрөлгөлөрдү жүргүзүү үчүн диний уюмдарга ижарага берилсе, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү, күнүмдүк ремонтун төлөө жана жашылдандыру-көрктөндүрүү маселелери ижарага берүү тууралуу келишимде каралышы керек. Келишимде чарбалык жана финансылык чыгымдар ижарага алган жак тарабынан каржыланаары көрсөтүлүшү зарыл. Анткени, жогоруда аталган мыйзамдын 5-статьясына ылайык, мамлекеттин диний уюмдардын ишин каржылоосуна тыюу салынат. |
71. Коомдук бюджеттик угууну өткөрүү учурунда мурдагы жылдын жыйынтыгы менен бош калган, үнөм каражаттар боюнча элге айтпай, жашырган мыйзам бузуу болуп эсептелеби?
КООМДУК БЮДЖЕТТИК УГУУЛАРдын форматы бир аз башкача, жана ал коомдук пикирди иликтөө, сунуштарды, сунуштамаларды алуу жана калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу максатын көздөгөн иш-чара. Анткени, КБУга документтин долбоору гана алып чыгылат жана ал кийин өзгөртүлүп же толукталып жергиликтүү кенештин кароосуна киргизилет. Ошондуктан, КБУ өткөргөн учурда кээ бир маселелер боюнча, анын ичинде мурдагы жылдын бюджетинин аткарылышындагы үнөмдөлгөн каражаттар боюнча маалымат угузулбай калуусу мүмкүн жана ал мыйзам бузуу болуп эсептелинбейт. |
72. Стимгранттын жоболору боюнча жумуштарды аткаруу боюнча конкурстан уткан подрядчик 50% материалдарын объектиге түшүрүп, аны кабыл алуу акты түзүлүп, андан кийин айыл өкмөт өздүк салымды которуп бериш керек деген талаптар барбы?
Мындай талап бар, бирок ал бир аз башкача мазмунда. Райондук финбөлүмү стимгранттын 1-траншын которуп бериш үчүн бир катар документтерди талап кылат. Алардын ичинде подрядчиктин эсебинде турган тиешелүү каражат боюнча Банктык Кепилдик же Сиз айткан 50% курулуш материалдары болушу. Эгерде Банктын Кепилдиги болсо Сиз айткан материалдардын болуусу шарт эмес. Анан бул талаптын өздүк каражатты иштетүүгө тиешеси жок, болгону Райфинден 1 траншты которуусу үчүн гана. |
73. Жайыт комитетине АРИС аркылуу погрузчик техникасы келген. Бул техника андан башка менчиктерге акылуу жумуштарды аткарып жүрөт. Ошол техниканы кандай жол менен көзөмөлгө алып, түшкөн каражатты бюджетке түшүрсө болот?
Ал техникалардын кожоюну сиздерсиздер, анткени алар АӨ балансында катталган. Бирок, Келишим менен жайыт комитеттерге оперативдик пайдаланууга өткөрүп бергенсиздер. Пайдалануу шарттарын ошол Келишимде так туура көрсөтүшүнүздөр керек болот. Андан кийн Келишимдин аткарылышына көзөмөл жүргүзүнүздөр. |
ЖАЛПЫ МАСЕЛЕЛЕР БОЮНЧА |
74. Көчөлөргө ат атоодо кандай талаптар коюулат?
Географиялык объекттерди атоо жана кайра атоо мамлекеттик кызыкчылыктарды, ошондой эле географиялык, тарыхый, улуттук, тиричиликке байланыштуу жана башка өзгөчөлүктөрдү эсепке алуу менен жүргүзүлөт. Географиялык объекттерди атоого жана аталышын өзгөртүүгө байланышкан маселелерди кароодо улуттук идеологияны чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган аталыштарга көңүл бөлүү зарыл. Географиялык объекттерге аталыш бергенде бир администрациялык-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан бир нече объектиге бир эле аталышты ыйгарууга тыюу салынат. Объекттерди атоого жана аталыштарын өзгөртүп атоого байланыштуу маселелерди кароодо тийиштүү аталыштар менен өзгөртүп атоолордун максатка ылайыктуулугун жана өзүн өзү актаарын да эске алуу зарыл. Мында бул иштерди каржылоо жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органынын бюджетинин эсебинен жабылат. Атоо жана атын өзгөртүү жөнүндө сунуш жактырылган учурда жергиликтүү кенеш тийиштүү чечим чыгарат, анын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал объекттерди атоо жана өзгөртүп атоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзөт. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19 августундагы №467 токтому менен бекитилген тартипте) |
75. Аксакалдар соту штраф сала алабы. Аксакалдар соту, аксакалдар кенешин шайлоо алардын иш алып баруусу кайсы мыйзамдар менен тескелет?
Аксакалдар сотунун уюштуруу тартиби, укуктук негиздери жана алардын курамына жарандарды шайлоо «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамы менен жөнгө салынат. Ал эми, аксакалдар кеңеши — коммерциялык эмес уюмдун түрүнүн биринде, жарандар тарабынан түзүүлүчү өз алдынча башкарылуучу уюм болуп эсептелинет жана алардын ишмердилиги «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» Мыйзамы менен жөнгө салынат. 2019-жылдын 1-январында күчүнө кирген жана азыркы учурда иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексинде аксакалдар соттору тарабынан жаза катары айыл пул салуу ыйгарым укугу алынып салынган, ошондуктан, азыркы учурда аксакалдар соту бир дагы маселе боюнча айыл пул (штраф) сала албайт. |
76. Айылдык кенештин токтомдорун ГАМСУМОнун сайтына жарыялап, Юстиция министрлигинин реестрине каттатып жатканбыз. Учурда ГАМСУМО тарабынан жетишпей жатабыз деп токтомдорубузду сайтка жайгаштырып бербей жатышат.
Бул маселе Союзга маалым, бирок азыр биздин сайтка расмий АК токтомдорун жайгаштырууга болбойт, ал үчүн Өкмөттүн токтомуна өзгөртүү киргизүү керек, Союз бул боюнча Токтомго өзгөртүү боюнча сунушун даярдап жатат. Министрлер Кабинети макулдугун берсе жайгаштырыла баштайт. Азырынча АО сайтына, акимчиликтин, Президенттин облустагы өкүлчүлүктүн сайтына жайгаштырса болот, же болбосо мыйзамга ылайык Айылдык кенеш айыл аймактын ичиндеги айылдарда маалымат тактайчасына жайгаштырууга уруксат беруусу керек, ошол тактайчага да токтомдордун долбоорун жайгаштырса болот. |
77. Калктуу пункттардын (айылдардын) аттарын алмаштыруу мүмкүнбү, болсо кайсы мыйзам, токтомдун негизинде?
Калктуу пункттардын (айылдардын) аталышын өзгөртүүгө болот. Бирок, КРда объекттердин аталышын өзгөртүүгө төмөнкүдөй учурларда гана жол берилет: — бирөңчөй географиялык объекттердин бир тобуна бирдей аталыш коюлса, бул чарбалык, дагы башка иштерге кыйынчылык келтирип жатса; — айрым объекттерге жоголуп кеткен, бирок өткөн мезгилде да, азыр да кеңири белгилүү географиялык аталыштарды кайтарып берүү максатында. Эгерде ушул эки учурдун бири айылдын аталышын өзгөртүүгө негиз болуп жатса, анда КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтомуну жетекчилике алуу менен жүзөгө ашырса болот. Аталган токтом менен КРдагы географиялык объекттерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО бекитилген. |
78. СОППВнын жетекчисин правлениясы шайлап айыл өкмөт бекитеби же кандай жана канча жылга бекитилет.
ИСКАКБ (СОППВ) – бул коммерциялык эмес уюм, коомдук бирикме түрүндөгү өз алдынча юридикалык жак, ал өз Уставына ылайык иш алып барат. ИСКАКБнын негиздөөчүлөрү жеке жактар болгондуктан жетекчисин өздөрү шайлап бекитишет. |
ЖЕР ЖАНА ЖЕР РЕСУРСТАРЫН ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА МАСЕЛЕЛЕР |
79. ФПСтин арендалары боюнча ким жооптуу?
КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобо” бекитилген. Ага ылайк, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин тоорук жана түз берүү аркылуу ижарага берүүдөн түшкөн каражаттар, ошондой эле кайтарылбаган кепилдик төлөмдөрдүн суммалары тиешелүү жергиликтүү бюджетке түшөт. Ошондуктан, Жобого ылайык жергиликтүү кеңеш жыл сайын айыл өкмөтүнүн башчысынын Келечек планды аткаруу, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери үчүн ижара акыдан каражаттардын түшүүсү жана пайдаланылышы тууралуу отчетун угат. Ошол учурда каралган маселелер боюнча АӨ башчынын маалыматын угуп, тиешелүү чечим кабыл алсаныздар болот. |
80. Мечит курууга айыл өкмөткө тиешелуу айыл чарбага жараксыз жерден берүүгө болобу?
ЖӨБ органдары жер участокторун физикалык же юридикалык жактарга менчикке же колдонууга (ижарага) мечиттерди курууга же башка максаттар үчүн тооруктарда (аукцион, сынак) сатуу жолу менен акынын негизинде берип келет. Төмөндө көрсөтүлгөн учурларда гана тооруктар (аукцион, сынак) өткөрүлбөйт: — жер участогун түз сатуу жолу аркылуу ижарага берүү шарттары менен колдонууга берүү; — мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жер участогун колдонууга берүү. Ал эми Турак жай курулушуна жер участоктору, ошондой эле айыл чарба максаттарына пайдалануу үчүн жер үлүштөрү бекер берилет. Ар бир жаран же болбосо диний уюм аукциондорго катышууга жана акы төлөөнүн негизинде 5 жылга чейинки мөөнөткө жер участогун менчикке же мечиттин курулушу үчүн пайдаланууга алууга укуктуу (капиталдык курулуш жүргүзүүгө уруксат берилбеген жалпы колдонуудагы категориядагы жерлерди кошпогондо). Ошону менен бирге динге ишенгендердин диний керектөөлөрүн канааттандырууга, диний тарбия берүүгө, сыйынууга, намазга чогулууга, үгүт насаат айтууга багытталган диний уюмдардын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө өлкөнүн мыйзамдары менен мечиттин курулушу үчүн жер участокторун алууда аларга өзүнчө атайын укуктар жана жөнөкөйлөштүрүлгөн же акысыз берген кандайдыр бир механизмдери каралган эмес. Ошондуктан диний имараттарды жана курулмаларды куруу үчүн физикалык жана юридикалык жактардан ЖӨБ органдарына суроо-талап болгон учурда жер мыйзамдарынын жалпы талаптарын карманышы керек. Кошумча маалымат: КР Жер кодексинин 7,13, 25, 29, 32, 50, 78-беренелери, КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтому менен бекитилген «Муниципалдык менчикте болгон жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө» Типтүү жобо; «КРда динге ишенүү эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» КР мыйзамынын 8-бер., 15-бер. |
81. Кен байлыктары бар айыл өкмөттөрү кен байлыктары канча көлөмдө чыгып жатканы жөнүндө учетун жүргүзүү үчүн райондук салык кызматынан тышкары өз алдынча пост уюштура алабы?
Салык Кодексинин 112-беренесине ылайык, ЖӨБ органдары салык постун уюштурууга укуктуу. Анын тартиби КР Өкмөтүнүн 2019ж18 ноябрындагы N609 токтому менен бекитилген. |
82. Сугат сууну бөлүштүргөндө кошуна айыл менен талаш жаралып жатат. Суу биздин территориядан агып чыгат Суу Кодексинде ж.б мыйзамдарда суу агып чыккан айылдар приоритеттуу багытта пайдаланат деген норма барбы.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мындай норма жок. Кыргыз Республикасынын Суу кодексинде жана «Суу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында суу ресурстарынын (суу объектисинин) негизги бөлүгү жайгашкан айылдарга суу пайдалануу жагынан артыкчылык берилген эмес. Кыргыз Республикасында суу ресурстарын башкаруу суу ресурстарынын башкы бассейнинин гидрогеографиялык чектери боюнча ишке ашырылат жана айыл аймактарынын аймактарына таптакыр байланган эмес. Албетте, Кыргыз Республикасында суу ресурстарын институттук башкаруу административдик принциптин негизинде (ирригациялык системаны башкаруунун борборлоштурулган методу) курулган, бирок ал мүнөздүү гидрографиялык мамиледе (бассейндик башкаруу принциби) айырмаланат. Ошондуктан райондук деңгээлде сугат суусун алуу үчүн чарба субъектилери сууну СПА (суу колдонуучулардын ассоциациясы) аркылуу келишимдик негизде алышат. Ал эми СПА жок айылдык аймактардын аймагында чарба жүргүзүүчү субъекттерге суу берүү жөнүндө контракт (келишим) түзүүнүн негизинде же суу пайдаланууга атайын уруксат аркылуу райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан жүргүзүлөт. |
83. Мамлекеттик фондунун жерин түз берүү менен пайдаланып келген ээси отказ кылып өткөрүп берген, ошол жер талашка түшүп жатат аукцион менен берейин десек эл көнбөйт. Кандай кылсак болот?
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен жактырылган “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү жобосына ылайык ГФСУнун жери Жободо көрсөтүлгөн тартипте тоорук аркылуу (аукцион же конкурс) түрүндө жана түз берүү аркылуу берилет. |
ЖАЙЫТ, СУУ ПАЙДАЛАНУУ, ИШКЕРДИКТИ КОЛДОО ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК МЕНЧИКТИ ПАЙДАЛАНУУ МАСЕЛЕЛЕРИ |
84. Жайыт комитетинин банкттык эсебинде турган акчаны айыл өкмөтү порталга жарыя бере алабы?
Жок. Анткени, Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин эсебиндеги акча каражаттар жергиликтүү бюджеттин эмес, коомдук уюмдун акча каражаттары болуп эсептелинет. Жайыттарды жана башка ресурстарды пайдалануу үчүн акы төлөөдөн түшкөн, жайыт инфраструктурасына инвестиция катары жөнөтүлгөн, КРнын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аларды кармоого, башкарууга жана жакшыртууга жиберилген кирешелерди башкаруу Жайыт комитетинин ыйгарым укугу болуп эсептелинет. |
85. Жеке ишкер тигуу цехти иштетип, ошол цехти дагы кеңейтиш үчүн акча бөлүп бергиле деп жергиликтүү кеңешке сурап кайрылуу жазып жатат.
Жергиликтүү бюджет мыйзамга ылайык жергиликтүү деңгээлдеги маселелерди (25 маселе) чечүүгө гана жумшалат. Жеке бизнести колдоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүүгө болбойт, мыйзам бузуу болуп саналат. |
86. Жайыттан мал-жандыктар айылга эрте келип эгиндерге, кышкы жайыттарга түшүп жатышат. Жайыт комитети бузуулардын негизинде штраф чара көрө алабы же айылдык кенеш штраф белгилеп токтом чыгарып беребизби?
Бул бузуулар жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген тартипте кабыл алынган жана мыйзамдуу күчүнө кирген режимди бузууга кирет. 2017-жылдын 13-апрели № 58 Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексининин 183-беренесине ылайык «жайыттарды жана чабындыларды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын планында белгиленген, белгиленген тартипте кабыл алынган жана күчүнө кирген режимди бузуу, — 4-категориядагы айып пул салууга алып келет. Ушул бузуулар үчүн мыйзамда көрсөтүлгөн айыптарды салыш жөнүндө маселелер экологиялык жана техникалык коопсуздукту контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан каралат. Өз алдынча башкаруу органдар чечимди жергиликтүү кенештин токтому менен кабыл алса болот. |
87. Майнинг фермасын ишкерлер иштетип жатат, айыл өкмөткө салык төлөбөйт. Мини ГЭС курулган, келишиминде көргөзүлгөн эмес. Кандай чара көрсө болот?
Кыргызстанда 2020-жылдын август айынан баштап майнинг ишмердүүлүгү мыйзамдаштырылган жана Салык Кодексинде өзүнчө “Майнингке салык” деген салыктын жаңы түрү каралган. Бирок, бүгүнкү күндө майнинг-фермалар электр энергиясын көп короткондуктан аларга лицензия берүү жана иштетүүгө убактылуу тыюу салынган. Демек, эгерде майнинг кадимки жарандар колдонгон электр энергиясын пайдаланса ал мыйзамсыз майнинг болуп саналат. Ал эми, альтернативдик энергия булактарын пайдалануу менен, башкача айтканда чакан ГЭСтер өндүргөн электр энергиялары менен иш жүргүзгөн майнинг чарбаларынын иши мыйзам бузуу эмес жана убактылуу тыюу салуунун аларга тиешеси жок. Майнинг салыктык база болуп майнинг учурунда керектелген электр энергиясы үчүн алынуучу сумма эсептелет. Салыктын ставкасы 15 пайыз деп белгиленген. Мисалы: 1 айда 10 000 сомдук электр энергиясын колдонсо, анын 15 пайызын башкача айтканда 1 500 сом “Майнингке салык” төлөйт. Бул салыктын түрү толугу менен республикалык бюджетке түшөт. |
88. Ишкер өзү жашап жүргөн үйүн бала бакчага айланткан. Тамак ашын, электр энергиясын, көмүрүн айыл өкмөт алып берет. Ишкер эми айыл өкмөттөн ижара акы сурап жатат, мыйзамга туура келеби?
Жок, туура келбейт. Ал ишкер бала бакча ачуу үчүн өзүмдүн жерим бар, тиешелүү имаратым бар деп көрсөткөндүктөн ал бала бакча ачууга укук алып лицензия берилген. Эми ижарасын да айыл өкмөт жергиликтүү бюджеттен төлөсүн деп талап кылганы туура эмесго. Анын үстунө жергиликтүү бюджеттен төлөй албайсыз, анткени ал муниципалдык эмес. |
89. АО балансындагы техниканы тазалык ишканасына айыл өкмөттүн чечими менен эле пайдаланууга өткөрүп берсе болобу?
“Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамына ылайык, муниципалдык менчикте болгон мүлк муниципалдык ишканаларга чарба жүргүзүү укугу менен берилиши мүмкүн. Ал эми, муниципалдык менчикти башкаруу жана тескөө менен байланышкан келишимдер айыл өкмөтү тарабынан түзүлөт. Ошондуктан, Келишим түзүү жолу менен өткөрүп берүүгө болот. |
90. Муниципалдык мүлк болгон спорт комплексти областык спорт башкармалыгына баланстан өткөрсө болобу?
Муниципалдык менчикте болгон обьектилерди башка тараптарга (мамлекет органдарга жеке менчик мекемелерге, же жарандарга) мунипалдык менчикти башкаруу программасынын негизинде берилиш керек. |
91. Муниципалдык менчиктин реестри кайда катталышы керек, жана кандай тартипте бекитилет. Ички жолдор, көпүрө, ирригация, каналдар мурда кирбеген болсо кандай жол менен киргизилет?
Мүлккө муниципалдык менчик объекттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруучу органдары тарабынан белгиленет жана жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет. Муниципалдык менчик объекттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү боюнча Типтүү жобо КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген. Ал Жобону төмөнкү шилтеме аркылуу көчүрүп алсаныз болот: https://myktyaimak.gov.kg/library/npa-lib?lang=kg . |
92. Ээси жок деп табылган мулк кайсы ЧУА негизинде жөнгө салынат?
Мүлк жарандык жүгүртүүдө укуктук объект катары чыгып, ошондой эле ал бирөөгө таандык субъект болуп эсептелинет. Бирок, тигил же бул юридикалык жагдайларга байланыштуу, мүлк кээ бир учурларда ээси жок болуп калат. Андыктан, КР Жарандык Кодексинин 257-статьясынын 1-бөлүгүнө ылайык, менчик ээси жок же менчик ээси белгисиз буюмдар, же менчик ээси менчиктөө укугунан баш тарткан буюмдар ээси жок буюмдар деп таанылат. Соттун чечими боюнча мамлекеттик же муниципалдык менчикке түштү деп табылбаган ээси жок кыймылсыз буюмду аны калтырган менчик ээси кайрадан ээлигине, пайдаланууга жана тескөөгө алышы же ээлик кылган убактысынын эскиргендигинен улам менчикке алышы мүмкүн. Белгилей кетсек, Граждандык кодекске ылайык кыймылсыз буюмдардын катарына жер участоктору да кирет. Ушул эле Кодекстин 265-статьясында мүлккө ээлик кылуу укугунун жол-жобосу аныкталган, ага ылайык мүлктүн ээси болуп саналбаган, бирок, он беш жыл бою кыймылсыз же беш жыл бою башка мүлктүн ээсимин деп өзүн ак ниеттүүлүк менен, ачык санаган граждан же юридикалык жак ал мүлккө (ээлик кылуунун эскиргендиги боюнча) ээлик кылуу укугун алат. Ээлик кылуунун эскиргенине байланыштуу мүлккө менчик укугун таануу сот тарабынан жүзөгө ашырылат. |