МУНИЦИПАЛИТЕТТЕР ОРТОСУНДА ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ ӨНҮГҮҮГӨ ӨБӨЛГӨ БОЛУУДА

Жаңылыктар
Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу долбоорунун алкагында ЖӨБ Союзунун демилгеси менен Ысык-Көл облусуна караштуу 15 тен ашык айыл аймактын, айыл өкмөт башчыларынын ортосунда тажрыйба алмашуу өттү. Иш-чарага Ак-Суу райондук мамлекеттик администрация башчысы, “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоорунун жана ЖӨБ Союзунун өкүлдөрү катышты.
Алгач Ак-Суу районундагы айыл өкмөттөрдө “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” максатында ишке ашкан, мыкты долбоорлор тууралуу презентациялар көрсөтүлдү. Ысык-Көл облусунун башка аймактарынан келген айыл өкмөт башчылары менен ийгиликтүү ишке ашкан долбоорлор тууралуу эркин форматта пикир алышуу, суроо-жооптор ирээтинде тажрыйба алмашышты.
Андан соң аткарылган долбоорлорду практика жүзүндө жеринен көрүшүп, тажрыйба алмашуу болду. Мисалга алсак Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка, Октябрь жана Кереге-Таш айыл өкмөттөрү “Турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып чыгарууну жана жок кылууну” кантип биргелешип уюштурушканын, муниципалдык ишкананы кантип түзүшкөнүн, техникалык базасы, тарифтери, кызмат көрсөтүүлөрү тууралуу айтып беришти. Учурда Теплоключенка айыл өкмөтүндөгү Ак-Суу тазалык муниципалдык ишканасында 14 киши эмгектенет, 10дон ашык техникасы менен 3 айыл өкмөттүн таштандыларын чыгарып, кызмат көрсөтүшөт. Ишкананын таштандыларды төгүүчү 2 гектар полигону бар. Аталган таштанды төгүүчү жай бардык талаптарга жооп берип, айланасы тозулуп, бүгүнкү күндө мыйзамдуу иш алып барып келет.
Ошондой эле » Боз-Булуң айылы өкмөтүндө «Мектепке чейинки билим берүү кызматын жакшыртуу максатында долбоор жазышып “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу” долбоорунан 4 000 000 сом каржат утуп алышкан. Жана ага кошумча башка долбоор аркылуу, айыл өкмөттүн өздүк каржаты, коомчулуктун салымы чогулган. Жалпы 9 миллион сомго жакын инвестиция тартылып, оңдоп-түзөөдөн өткөн бала-бакчанын имараты менен таанышышты. Кайсыл критерийлер менен кызматтарды жакшыртуунун аракеттер планын жазыш керек, долбоорду ишке ашыруунун жолдорун Боз-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы жана бала-бакчанын директору тажрыйба алмашууга келген айыл өкмөт башчылар менен ой бөлүштү. Долбоордун негизинде бала-бакча кеңейтилип, бардык шарттары менен жаңы кошумча корпус салынган. Бүгүнкү күндө Боз-Булуң айылындагы мектепке чейинки билим берүү кызматы жакшыртылып, бала-бакчада орун жетиштүү, кезекке тургандар жок. Долбоор ийгликтүү ишке ашып, мекеме элге кызмат көрсөтүүдө.
Ал эми Тепке айыл “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында Тепке Курбу жана Жылдыз айылдарынын мектеп окуучуларына музыкалык аспаптарды үйрөтүү ийримдерин уюштуруу пландалып, элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттар түзүлүп, балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды уюштуруу жана жүзөгө ашыруу кызматтары жакшыртылган. Долбоордон берилген грантка кошумча өздүк салым кошулуп, жалпы 24 комуз, 6 ооз комуз жана 3 музыкалык аппаратура алынып 3 мектепте кызмат уюштурулган. Азыркы убакта жалпысынан 3 ийрим группасы ачылып, жалпысынан 40 өспүрүм, мектеп жашындагылар кызмат алууда.
Ысык-Көл облусунун башка аймактарынан келген 15 тен ашык айыл өкмөт башчылары тажрыйба алмашуу иш-чарасы өнүгүүгө өбөлгө болуп жатканын баса белгилешти. Кесиптештеринин жетишкендиктерин көрүшүп, алардан алган мыкты тажрыйбаларын, өз ишмердүүлүктөрүндө пайдаланышаарын билдиришти.

Популярные записи

Эл аралык кызматташтыкты чыңдоо жаңы мүмкүнчүлүктөргө, жаңы ийгиликтерге жол ачат.

ОНЛАЙН-СЕМИНАР: ЖӨБ ОРГАНДАРЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДЕМИЛГЕЛЕРДИ КОЛДООПРАКТИКИ (27.01.2022)

Бюджеттер аралык мамилелерди реформалоо талкууланды

Оставить комментарий