КОНСУЛЬТАТИВДИК КЕҢЕШМЕ ТҮЗҮЛДҮ

Жаңылыктар

Урматтуу мэрлер, айыл өкмөт башчылары жана жалпы муниципалдык кызматкерлер!

Сиздер менен жакшы жаңылыгыбызды бөлүшкүбүз келди. Мындан ары бизде жакшы мүмкүнчүлүк пайда болду. КР ЖӨБ Союзу жана Мамлекеттик агенттиктин демилгеси менен атайын “Консультативдик кеңешме” түзүлдү. Бизге керектүү жоболорду, мыйзам долбоорлорду иштеп чыгып, талкуулап, бышырып, кеңешмеге сунуштасак болот. Ошондой эле кеңешме муниципалитеттерге тиешелүү бардык маселелерди чечүүдө, мамлекеттик органдардын ортосунда мыкты аянтча болуп берет. Себеби кеңешмеге мүчө болуп Президенттин администрациясынан, тиешелүү министрликтердин орун басарлары, эксперттер, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирди. Кечеки отурумда дагы муниципалитеттердин кызыкчылыктарын коргоо жана өнүктүрүү үчүн бирдиктүү план иштеп чыгуу боюнча маселелер каралды. Кийинки отурумда Консультативдик эксперттик кеңештин 2022-жылга иш-планын жана Жергиликтүү райондук кеңештердин жобосунун долбоорун бекитүү сунушталды.

Популярные записи

КР Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлери менен КР жергиликтүү өз алдынча башкарууларынын Союзу мыйзам чыгаруу процессинде ассоциациянын ролун талкуулашты

ЖӨБ СОЮЗУНУН АЙМАКТАРДА АЙЫЛ ӨКМӨТ БАШЧЫЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУЛАРЫ УЛАНУУДА

АМУЦА: Административный ассистент руководителя проектов

Оставить комментарий